Nokia 1203 - Аспабыңызды туура күтүү

background image

Аспабыңызды туура күтүү
Сиздин аппаратыңыз жогорку деңгээлде дизайндоонун

жана чебердик менен жасоонун продуктусу жана

тиешелүү мамиле кылууга татыктуу. Төмөнкү сунуштар

сиздин кепилдиктерди колдонуу мүмкүнчүлүгүңүздү

сактайт.

Аппаратты кургак сактаңыз. Жаан чачындар,

нымдуулук жана суюктуктардын бардык

түрлөрүндө электрондук тетиктерге зыян

келтирүүчү минералдар бар. Эгер сиздин

аппаратыңыз ным болуп калса, батареяны

чыгарып, толук кургагандан кийин гана кайра

салыңыз.

Аппаратты чаңдуу, кир жерлерде колдонбоңуз.

Анын жылдырма бөлүктөрү жана электроникалык

компоненттери зыянга учурайт.

Аппаратты суук же ысык жайларда сактабаңыз.

Жогорку температуралар электрондук

аппараттардын колдонуу убактысын кыскартып,

батареяларга зыян келтирип, айрым пластик

тетиктеринин бузулуп же эрүүсүнө алып келиши

мүмкүн. Качан аппарат сууктан кийин өзүнүн

нормалдуу температурасына келгенде,

аппараттын ичинде пайда болгон ным электрондук

тактачаларга зыян келтириши ыктымал.

Ушул колдонмодо көрсөтүлгөндөн башка жол

менен аппаратты ачууга аракет кылбаңыз.

Аппаратты түшүрүп, уруп же силкилдетпеңиз.

Этият эмес колдонуу аппараттын ичиндеги

электрондук схемаларды жана назик

механизмерди зыяндатышы мүмкүн.

Күчтүү химикаттарды, тазалоочу эритмелерди же

кир кетирүүчү каражаттарды аппаратты тазалоо

үчүн колдонбоңуз. Аспаптын тышын дайым

жумшак, таза жана кургак чүпөрөк менен сүртүңүз.

Аппаратты боебоңуз. Боектор кыймылдоочу

бөлүктөргө тоскоол болуп, туура иштөөсүнө

жолтоо болуусу ыктымал.

Жол берилген же кошо берилген алмаштыруучу

антеннаны гана колдонуңуз. Жол берилбеген

антенналар, жакшыртуулар, кошумчалар

аппаратка зыян келтирип жана радио

жабдыктардын колдонулушун жөндөөчү

эрежелерге каршы келиши мүмкүн.

Заряддоочу түзүлүштөрдү имарат ичинде гана

колдонуңуз.

Керектүү деп саналган, тааныштар жана

календардык белгилер сыяктуу маалыматты

камдык сактаңыз.

Аппараттын оптималдуу иштөөсү үчүн маал маалы

менен өчүрүп, батареяны алып, анан кайра

иштетиңиз.

Бул сунуштар сиздин аппаратыңызга тиешелүү

болгондой эле, ошо даражада эле батарейкага,

заряддоочу түзүлүшкө жана кошумча жабдыктарга

тиешелүү.